Бишкекте мас абалындагы милиционер май куюучу жайды сүзүп, 3 адам жаракат алды

Бишкекте мас абалындагы айдоочу май куюучу жайды сүзүп, дагы бир унаа менен кагылышып кеткен. Жол кырсыгы бүгүн, 29-мартта түнкү саат 2лер чамасында Шабдан баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. 

Хонда Аккорд унаасы түндүккө карай катуу ылдамдыкта бара жаткан. Ал рулду башкара албай "Petroleum" май куюучу жайын сүзүп, бензин куюп жаткан БМВ унаасы менен кагылышкан. БМВнын айдоочусунун буту машинасы менен бензоколонканын ортосунда калган. 

“Кырсыктан кийин 3 адам ооруканага кайрылган. Хонда унаасынын айдоочусу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү экени аныкталды. Жол-кайгуул кызматы тарабынан протокол түзүлдү. Ички коопсуздук кызматы иликтөө иштерин жүргүзөт”,- деп билдирди Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов

Соңку мезгилдерде МАИ кызматкерлеринин катышуусундагы чыр-чатактар коомчулукта талкууга алынып келет. Март айынын ортосунда социалдык тармактарда кичинекей уулунун көзүнчө атасына зомбулук көрсөткөн видеожазуу тараган. 

Ал окуя боюнча тергөө жүрүп, МАИ кызматкери эскертүү алуу менен чектелгени айтылган. Ал эми"баш ийбеди" деп инспектор тарабынан жерге жыгылтылган жарандын иши сотко өткөн. "Мыйзам баарына бирдей болушу керек" деген укук коргоочу уулунун көзүнчө атасына кол көтөрүп, баласына психологиялык зыян келтиргенин эске алуу менен МАИчи жоопко тартылышы керек деген оюн билдирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
boss.umutbek
2014-03-29 13:50:44
Бироону катуу нараазы кылганго.
0
TIMi4
2014-03-29 14:08:06
emnele bolup jatabyz degi
+1
infiniti
2014-03-29 14:13:46
Мас абалында айдаган учун,катуу жоопка тартылыш керек
+1
only_progress
2014-03-29 14:27:48
Мыйзам боюнча органда иштеп туруп мындай иштерди кылса ал адам жонокой адамдарга караганда катуурак наказания алыш керек го, бизде наоборот органда,чон кызматта иштесе женилирээк жаза берип коюшат.Жанагы кызынын козунчо атасын урган маичиге да женил эле жаза берип коюптур го.
+5
Asanaka2
2014-03-29 14:55:09
Аталышы эле укмуш жол кайгуул деп
+3
only_progress
2014-03-29 15:03:55
Супер инфо жанагы кызынын козунчо атасын урган маичиге жаза чечими чыгарылганын жазган эленер го,ошону эмне очуруп салдынар? Кандай жаза берилгенин дагы бир окуп чыгайын деп таппай койдум.
0
admin_superstan
2014-03-31 10:55:49
only_progress, өчүрүлгөн эмес:
http://www.super.kg/kabar/news/57047/
0
sardaralay
2014-03-29 15:36:00
менимче мас болуп маршруткага отурам деп машинасына отуруп алганго
+2
Desmond
2014-03-29 17:34:28
Чыгынып бир кyтyрайын деген го )))))))))
+1
Lumia-800
2014-03-29 17:59:26
Алард камаганга мыйзам асыз.300-400 Сом менен чыгып кетишет.
+1
kyrs
2014-03-29 22:04:11
Бизде ментер ичсе болберет.
Аларга положено так что унчукпагыла.
+1
nurgul-92
2014-03-30 01:16:02
azır ushunu jonokoi jumushta ıstegen bıroo jasagan bolso emdıgıche 3 adamdyn tuugan urugu kelıp janagy bızdın eshekemıneer chondorubuz kelız enesın atasyn taanytyp ketmek
+1
erbaian
2014-03-30 04:38:36
Биздин закондор карапайым калк учун гана чыгарылган озу.буларга тиешеси жок.айрыкча маичилер.милициялар оздорун кудай сезип алышкан.закон баарына бирдей болуш керек.
+3
Sharipa-asia
2014-03-30 12:14:21
Уят нерсе кыргызым, мас болуп милициябыз журсо анда кылмышкерлерибиз каякка барат
+1
admin_superstan
2014-03-31 10:57:44
risbek_81b, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынат. Билдирүүңүз өчүрүлдү. Эскертүү!
0
kg.alabuka
2014-03-31 11:25:11
Арактын кучу алыска алып барбайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан