Бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына 31-мартта курултай уюштуруп жаткан ЖКнын мурдагы депутаты Садыр Жапаров "Биз чакырган адамдар тынчтык менен келишет. Башка көз караштагы үчүнчү күчтөрдүн нааразылык акциясын мен билбейм" деген оюн билдирди. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 28-мартта 15:00дө оппозициялык “Кыргызстанды сактоо үчүн” кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев 31-март күнү тынчтык митингин өткөрүү боюнча билдирме калтырганын жана ал мыйзамга ылайык берилбегени боюнча: "Булар митинг өткөрбөөнүн айласын издеп жатышат. Конституциянын 34-беренесинде "ар бир жаран митинг, курултай өткөргөнгө укугу бар" деп так жазылып турат. Ал үчүн эч кандай билдирүүнүн кереги жок",- деди Садыр Жапаров.
Курултай элдин талаптарын бийликке жеткирүүнү максат кылганын айтып: "Ар кандай эл келиши мүмкүн.
Негизи, биз курултайга чакырып, элдин пикирин кабыл алып, президентке, Жогорку Кеңешке өткөрүп берели деп жатканбыз. Бирок башка көз караштагы адамдар келип, ар кандай нукка буруп да кетиши мүмкүн. Ага биз жооп бере албайбыз. Аларды мына ошол Ички иштер башкармалыгы көзөмөлгө алышы керек. Бул алардын милдети",- деп кошумчалады.
"Тынчтык митинги саясий баш аламандыкка айланып кетпейт деген кепилдик барбы?" деген сурообузга: "Биз "Кумтөр" боюнча президентке, парламентке "көзүңөрдү ачкыла, элдин пайдасына чечкиле" деген талаптарды жөнөтөлү дейбиз. Өзүңүздөр билесиздер, азыр республикада бүт эл бийликке нааразы. Мына ушул эле "Кумтөр" деп президенти баш болуп, өкмөтү төш болуп бардыгы сатылды. Ошону көрүп турган эл нааразы. Мен айта албайм, кандай болуп кетерин. Мен чакырган адамдар андай жолго барбашы керек. Башка адамдар келип бийликке нааразылык акция уюштурабы, мен аны билбейм",- деп жооп узатты.