Бишкекте бүгүн, 29-мартта “Баары бир звезда болом” тасмасынын бет ачары болуп өттү. Тасманы жаш режиссёр Тынчтык Бугучиев тарткан. Башкы ролду куудул Жакут Сыдыков аткарган. Фильмде айылдык жигит сүйгөн кызына жетүү максатында атак-даңкка умтулуп, артист болуу үчүн шаарга келет. Аталган тасма Мамлекеттик тарых музейинде тартууланып жатат.