Бишкек ШИИББи борбордо 31-мартта тынчтык митингин өткөрүү боюнча арыз мыйзамга ылайык берилбегенин айтты

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы оппозициянын борбордо тынчтык митингин өткөрүү боюнча арызы мыйзамга ылайык берилбегенин айтты. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-мартта 15:00дө оппозициялык “Кыргызстанды сактоо үчүн” кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев 31-март күнү тынчтык митингин өткөрүү боюнча билдирме калтырган. 

Укук коргоо органдарынын айтымында, арыз “Тынчтык митинги жөнүндө” мыйзамы боюнча кечиктирилип берилген. Шаардык ички иштер башкармалыгы акция жүргүзүү боюнча мыйзамды сактоого чакырууда. “Мыйзамга баш ийбөөчүлүк же ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандык административдик айып пул төлөө же 15 суткага камакка алуу менен коштолот” деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 17-мартта оппозиция өкүлдөрү “Кумтөр” маселеси боюнча курултай өткөрүүнү пландап, бирок ал 31-мартка жылдырылган эле.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tairbek.
2014-03-29 14:08:44
Митингден пайда чыкпайт туугандар кумторду чечкинер келсе бийликти алмаштырсанар анан чечилет митингке чыгып суйлоп суйлоп калабересинер укбайт азыркы бийлик!
+4
mirasem
2014-03-29 14:11:52
Эми тартип коргоо органдары ушул нерседен чыр чыгарып жибербесе эле болду, уруксат сураса берип, митинг откорушсо откоруп бийликке болгон талаптарын айтып таркашат эле да, коп болсо 500 го жетпеген адам келет эле да.. озу да азыркы кундо бийликке болгон суроолор кобойуп кетти, оппозициянын эле эмес жонокой адамдардын да..
+2
Mech.kg
2014-03-29 14:56:14
Митинг ситинг, жетишет туугандар.Онугуу экономикабызды которолучу.Опозиция чеги менен болуш керек.Мамлекеттин бир кирпичине да тийбегилечи .
0
volk.kg
2014-03-29 16:40:29
Myna saga awa aitkan dem0ktrati9 ka9kta?
+1
volk.kg
2014-03-29 16:42:46
Uwul milis9lar batkenge barsa jakw bolot ele. Jok kirbegile dep tajikterdi toskonu a bular ak uidu korgop katyndyn iwin atkaryp jatyshat.
+2
aktilek_95z_kg
2014-03-30 09:42:45
volk.kg, сенделе милиция кызматкери болсон ошолордой болуп ак уйду коргомоксун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан