Жылнаама, 30-март: Мындан 3 жыл мурун советтик актриса жана эстрада ырчысы Людмила Гурченко каза тапкан

* 40 жыл мурун, 1974-жылы Кыргызстандын борбор шаарында биринчи планетарий салтанат менен ачылган. Республиканын куруучулары жаңы имаратты Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына арнап, анда аалам системи туурасында даректүү тасмалар көрсөтүлүп, адистер космос жөнүндө лекцияларды окуп турушкан. 
* Мындан 582 жыл мурун, 1432-жылы Византия империясын кулаткан Осмон султаны Мехмед II Түркиянын Эдирне шаарында төрөлгөн. Осмон империясынын 7-императору Мехмед II бийликке келгенден эки жылдан кийин аскерлери - "янычарлардын" санын 12 миңге жеткирип, жалпы аймактардан 20 миң аскер топтоп, ал эми согуш кемелеринин санын 350гө жеткирген. 1453-жылы Константинополго согуш баштап, үзгүлтүксүз чабуулдун негизинде ошол эле жылдын 28-майында жеңишке жетишкен. Шаардын атын Истанбул (Стамбул) деп өзгөртүп, Осмон империясынын расмий борбор шаары катары ал 6 кылымдан бери кызматын кылып келген.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы театр жана кино актрисасы, эстрада ырчысы, СССРдин Эл артисти, көптөгөн сыйлыктын ээси Людмила Гурченко жүрөк оорусунан улам 76 жашында каза тапкан. Белгилүү советтик актриса Людмила Марковна Гурченко 1935-жылы 12-ноябрда Харьков шаарында чыгармачыл инсандардын үй-бүлөсүндө туулган. Он жылдык мектепти аяктап, Москвадагы Сергей Герасимов жана Тамара Макарованын адистик мектебине тапшырып, дипломдук ишинде Теодор Драйзердин "Кето и Котэ" композициясы тууралуу ишин жазып, аткарып берген. 1956-жылы Людмила Гурченко студент кезинде Эльдар Рязановдун "Карнавалдык түн" аттуу музыкалык комедиясында Леночка Крылованын ролун жараткан. Актриса "Беш мүнөт" ырын аткарып, көптөгөн көрүүчүлөрдүн эсинде калган. "Карнавалдык түн" тасмасынан кийин эле "Гитарачан кыз" тасмасына тартылган. Гурченко башкалардан ачык мүнөзү, ички дүйнөсүнүн өзгөчө кенендиги менен айырмаланып турган. Актрисанын эң жакшы аткарган иштери деп "Согушка чейинки беш күн", "Сибириада", "Беш түн", "Вокзал экөө үчүн", "Сүйүү жана көгүчкөн" ж.б. тасмаларындагы образдар эсептелинет. 2011-жылы Гурченко үйүнүн жанынан жыгылып кетип, жамбашын сындырып алган. Кийинки күнү ооруканага жеткирилип, операция жасалган. 30-мартта актрисанын абалы оорлоп, операцияны көтөрө албай жүрөк оорусу күч алганын доктурлар айтышкан. "Тез жардам" келип, актрисаны жандандыруу бөлүмүнө жеткирүүгө үлгүрбөй калышкан. 30-мартта 19:28де көз жумган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан