Бүгүн, 30-мартта Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда секелек кыздар арасында “Мини мисс Кыргызстан-2014” сулуулар сынагы болуп өттү. Ага Бишкек, Нарын, Каракол, Талас шаарларынан 7 жаштан 14 жашка чейинки 15 кыз катышты.
Сынактын шарты боюнча кыздар өзүн тааныштыруу, талантын тартуулоо, авангард стилинде жасалган костюму менен дефилеге чыгуу, пародия номинациялары боюнча ат салышты.
Бул сынакта 15 кызды артка таштап “Мини мисс Кыргызстан-2014” наамына Бишкек шаарынын тургуну, 10 жаштагы Айдана Рыскулуева татыктуу деп табылды. "Баарына лента, диплом тапшырылып жатканда мен эч нерсе албай каламбы деп аябай корктум. Анан менин атымды атаганда аябай сүйүндүм. Баарына рахмат" деген Айдана кубанычын жашырган жок.
Ал бүгүнкү сынактын баш байгесин жеңип, Венгрия жана Хорватия өлкөлөрүндө өтүүчү эл аралык сынакта Кыргызстандын желеги астында чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Белгилей кетсек, аталган сынак 15-жолу уюштурулуп жатат.