Жылнаама, 31-март: Мындан 3 жыл мурун Аида Салянова башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган

* Мындан 89 жыл мурун, 1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитети иштей баштаган. Жаңы куралган Аткаруу комитетинде адегенде 11 адам үчүн штат ачылып, биринчи төрагалык кызматка Абдыкадыр Орозбеков дайындалган. А.Орозбеков Маргалаң уездиндеги Охна кыштагында жарык дүйнөгө келип, анын кедей-дыйкан үй-бүлөсүнөн чыккан теги Совет бийлигинин таптык саясатына дал келген. Комитетте негизинен жергиликтүү калктын өкүлдөрү эмгектенгени менен, облустагы бардык маселе Кыргыз облустук партия комитетинде чечилген. Мындан улам Облустук аткаруу комитети кийин партиялык диктатка нааразылыгын билдирип Москвага кат жолдогон.
* 1889-жылы, мындан 125 жыл мурун Франциянын сыймыгы эсептелген Эйфель мунарасы салтанат менен ачылган. Мунаранын конструктору Гюстав Эйфель темирден курулган мунаранын чокусуна жөө чыгып, Франциянын туусун орноткон. Эйфель деген аты көрүнүктүү жана кайталангыс инженер, анын түзүүчүсү Александр Гюстав Эйфелдин ысымынан коюлган. XIX кылымдын 80-жылдарынын аягында Франция өз борбор шаары Парижде Франциядагы Революциянын 100 жылдык мааракесине карата Бүткүл дүйнөлүк өндүрүштүк көргөзмөнү өткөрүүгө даярданат. Мунаранын курулушу 1887-жылы 27-январда башталып, ал катуу ылдамдык менен жүрүп турат. Ага керектелүүчү бардык элементтер жана темир-тезектер өтө так өлчөмдө өлчөнүп, Эйфелдин өзүнүн заводунда жасалган. Мунара 18 миң элементтен туруп, 2 миллион кадоолор (заклёпки) менен кадалган жана жалпы салмагы 10 миң тоннаны түзгөн. Оор түйүндөр жогору жакка атайын буу крандарынын жардамы менен чыгарылып турган.
Курулушта бир убакытта 250 жумушчу эң жогорку бийиктикте жайдын аптаптуу ысык күндөрүндө да, кыш чилдесинин ызгаардуу суугунда да тынбай иштешкен. Ошол 5 жылдын ичинде бир гана кокустук болуп, италиялык бир жумушчу мунарадан учуп өлгөн. Радионун өнүгүшүндө мунара чоң роль ойногон. Ушул жерден француз инженери Эжен Дюкрете аркылуу биринчи радиобайланыштар сеансы ишке ашкан. 1906-жылы болсо туруктуу радиостанция негизделген. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Эйфель мунарасы душмандардын радиоберүүлөрүн кармап алууда олуттуу мааниге ээ болгон. Ал эми Гюстав Эйфель 1923-жылдын аягында каза болгон. Ал өлгөндөн кийин 2 жылдан соң мунарадан телекөрсөтүүлөрдү жиберүүнүн аракеттери болот. Андан 10 жыл өткөн соң 1935-жылы ушул эле жерден регулярдуу телекөрсөтүүлөр бериле баштайт.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы КРнын Башкы прокурору Кубатбек Байболов кызматынан бошотулуп, ордуна башкы прокурордун милдетин аткаруучу Аида Салянова дайындалган. А.Салянова Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Ал 1972-жылы 6-августта Нарын шаарында төрөлгөн. Жогорку юридикалык билими бар, 1991-жылы Фрунзе соода техникумун, 1996-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. Юридикалык илимдердин кандидаты, доцент.  Эмгек жолун 1992-жылы 
Бишкек коммерциялык колледжинде окутуучулуктан баштаган. 1996-жылы Чүй университетинде сабак берип, 1997-жылы Жогорку Кеңеште эксперт катары иштеген. Андан кийин ЖКда бөлүм башчы, Юстиция министрлигинде статс-катчы, 2010-жылы юстиция министри болуп эмгектенген. 2010-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп, 2011-жылы КРнын Башкы прокурору болуп дайындалган. Жылнаама толугу менен бул жакта...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан