Баткен облусунда мүрзөдөн гранатомёт табылды

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы жашырылган жерден милиция кызматкерлери тарабынан гранатомёт табылды. Ош шаардык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ички иштер башкармалыгы Кызыл-Кыянын чет жакасында жайгашкан мүрзөдөн РПГ-18 "Муха" үлгүсүндөгү гранатомётту табышкан. 
Курал мурда соттолгон 36 жаштагы жергиликтүү тургунга тиешелүү экени аныкталды. Кармалган адам куралды 2012-жылы алып, мүрзөгө катып койгондугун айткан. Аталган факты боюнча материалдар чогултулуп, тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 28-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Desmond
2014-03-31 08:56:33
Гранатомёттy эмнеге колдонду эле?
0
Asanaka2
2014-03-31 09:33:01
Жомокко а?
Бугун табылды эмес эле тиги жашырган адам озу айтыптырго.Дагы жакшы беш айлык мееннттин берекеси дешпептир
+2
Gulnur1980
2014-03-31 14:20:08
Кудай тообо адамдар кызык болуп баратабыз.Эмне деген ой менен ал жерге жашырды десен?Тапкан жерин кара башкалардын омуру бул адам учун кызыксыз,ынсап ыйман бер ушундай адамдарга.
0
Gulnur1980
2014-03-31 14:30:23
Негизи эле Баткен облусундагы тургундар оздору зоорго жашап журушот дагы анан бул кылган кылыктары эмне десен!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан