Дайынсыз жоголгон малайзиялык учакты издөө иштерине катышкан кытайлык жана австралиялык кемелер 30-мартта спутниктен көрүнгөн калдыктарды Инд океанынан алып чыгышкан. Бирок суудан алынган 3 калдыктын учакка тиешеси жок экени белгилүү болду.
Жекшембидеги издөө иштерине 10 учак жана 8 кеме катышкан. Калдыктар болушу мүмкүн деген аймактарда таштандылардын көп болушу издөө операцияларын кыйындатып жаткандыгы айтылды.
Австралиянын премьер-министри Тони Эббот "Издөө иштери качанга чейин уланары белгисиз, бирок издөөнү улантабыз. Биз издеген аймактар кыскарбай, кеңейтилип жатат” деп билдирди. Бүгүн, 31-марттагы издөө операциясына 10 учак жана 10 кеме катышат.
Эске салсак, 8-март күнү Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Учак асманга көтөрүлгөндөн 2 саат өткөн соң байланыш үзүлгөн. Акыркы жолу экрандан анын Вьетнам жана Малайзиянын ортосундагы деңиздин үстүндө учуп бара жатканы көрүнгөн.