Өткөн сутка ичинде республика боюнча 34 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 20, Ысык-Көл облусунда 6, Ош облусунда 4, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 3 гектар куураган чөп күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгуусуна от менен болгон этиятсыздык себепкер болгон.