Бишкекте "26 жаштагы кызга бычак сайган” деп шектелип шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын тургуну Жылдыз бычактан жараат алып, №1-шаардык ооруканага кайрылган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмыштын бети ачылды. Шектүү катары изи сууй электе Бишкек шаарынын 31 жаштагы К.Айбек аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.