24-декабрь күнү саат 23:00 чамасында Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолу толук ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Эске салсак, аталган унаа жолу 24-декабрь күнү саат 16:00 чамасында кар көчкү түшүүдөн улам убактылуу жабылган болчу. Ошондой эле министрлик "бир КамАЗ кар көчкүнүн алдында калды" деген маалымат жалган экенин маалымдайт.