Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына карата салттык музыка жумалыгы өтөт

Бишкекте 21-25-апрелде кыргыз маданиятына өчпөс из калтырган Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган салттык музыка жумалыгы өтөт. Аталган иш-чараны КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Илимдер академиясы, Салттык кыргыз музыка фондусу, “Айгине” маданият изилдөө борбору, Борбордук Азия университети жана “Манас-Мурас” фонду уюштурууда. 

Бул жумалыктын алкагында салттык маданиятты алып жүргөндөрдүн илимий-практикалык конференциясын өткөрүү пландалууда. “21-кылымдын салттык маданияты: иш алып баруу, көйгөйлөр, перспективасы” аталышындагы конференцияда лекциялар, тегерек столдор, талкуулар болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан