Бишкекте “коркутуу жолу менен жарандын буюмдарын тартып алган” деген шек менен 20 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте “коркутуу жолу менен жарандын буюмдарын тартып алган” деген шек менен 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 32 жаштагы шаар тургуну Т.Улан уурулук фактысы боюнча милицияга кайрылган. Анын айтымында, Сыдыков-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бейтааныш жигиттер аны коркутуп, баштыгын, жынсы шымын, жеке буюмдарын жана акча каражатын тартып алышкан.

Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 20 жаштагы Т.Эрнис кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан