Жалал-Абад шаарында санитардык абал канааттандырарлык эмес. Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык мэриясынын Аткаруу комитетинин кеңешмесинде вице-мэр Айзат Раматилаева маалымдады. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын март айында шаардагы 800 объект текшерилип, 35 мекеме-ишкананын жетекчилерине кемчиликтерди жоюу тапшырмасы берилген. Ошондой эле 16 жетекчиге 13 300 сом өлчөмүндө айып пул салынган жана 7 объект жабылган.
Мындай көйгөйдү чечүү жана күч түзүмдөрү менен биргеликте иш алып барууну шаар мэри Муктар Арапбаев Жалал-Абад шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна жана ветеринардык кызматына жүктөдү.