Свердлов районунда уурулук фактысына шектүү эки аял кармалды 

Бишкек шаарынын Свердлов районунда “үйдөн баалуу буюмдарды жана 44 200 сом акча каражатын уурдаган” деген шек менен эки аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы М.Гүлмира милицияга арыз жазган. Айтымында, үйүнө белгисиз адамдар кирип, баалуу буюмдарын жана акчасын уурдап кетишкен. Милиция кызматкерлери иликтөө амалдарын жүргүзүп, кылмышка шектүү 30 жаштагы Б.Айнура жана А.Айзаданы кармашты. Алар Сокулук районунун тургандыгы болушкан. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан