Баткен. Лейлек районунда Кулунду-Максат жолу курулат

Лейлек районунун ылдыйкы аймагында 50 миңге жакын калк жашайт. Тажикстан менен чектешкен бул айылдарга өтүү үчүн сөзсүз коңшу өлкөнүн жолдоруна көз каранды болуп, буга чейин көп түйшүктөрдү тартып келишкен. Ушундан улам Кулунду айылынан Максат айылына чейинки 3,5 чакырым жолду куруу зарылчылыгы келип чыгып, Козу-Баглан дарыясына эки көпүрө куруу маселеси жаралган эле. 3,5 чакырым болгону менен, лейлектиктер үчүн өтө зарыл болгон бул жол Тажикстан тарабынан макулдук берилбегендиктен, кийинки мөөнөткө калтырыла берген. Жакында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, тажик тарап көпүрө курууга макулдук берди. Жаз келери менен көпүрө жана жол куруу иштери башталат. Бул тууралуу Лейлек райондук администрациясынан кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан