Көзү жакшы көрбөгөндөр жана азиз өспүрүмдөр Н.Абдрахмановдон комуз сабактарын алышууда

Бишкекте көзү жакшы көрбөгөндөр жана азиз окуучулар, студенттер үчүн комуз сабактарынын дагы бир жумалыгы аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта “Айгине” маданий-изилдөө борборунан кабарлады.

Аталган борбордун маалыматына таянсак, чыгармачылык кызматташууда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөрдүн өздүк көйгөйлөрүнүн чечилиши, белгилүү маданият кызматкерлери менен иштешүү аркылуу потенциалын көтөрүү каралган.

“Эн белги” системин (ноталарды билбей туруп комузда ойноо инновациялык системи) өздөштүрүү белгилүү комузчу Нурак Абдрахмановдун жетекчилигинде өтүүдө. Бул мүмкүнчүлүк катышуучулардын репертуарын кеңейтүүнү жана комузда ойноодо импровизация техникасын өздөштүрүүнү камтыйт.

Аталган окутуу курстары аяктаган соң, май айында "Комузда ойноо мүмкүнчүлүктөрү бардык тоскоолдуктардан өтүүгө жардам берет!" деген ураан алдында концерт болмокчу.

Эске салсак, комуз үйрөнүү курстары 14 жаштан 23 жашка чейинки кыз-уландар үчүн былтыр күз айынан бери иштеп келүүдө. 11 адамдан турган топко аталган сабактар сентябрь айынан тарта өтүлө баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан