Бишкек шаарынын Октябрь жана Ленин райондорунда унаанын ичинен баалуу буюмдарды уурдоо фактысы катталды

Бишкек шаарынын Октябрь жана Ленин райондорунда унаанын ичинен баалуу буюмдарды уурдоо фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунда “Хонда үлгүсүндөгү унаанын терезесин сындырып, ичине кирип, 54 100 сом уурдады” деген шек менен 44 жаштагы А.Нурлан кармалды. Ал Чүй облусунун Кемин районунун тургуну экени аныкталды. Ошондой эле Ленин районунда "Хово үлгүсүндөгү унаанын ичине кирип, 20 миң сом уурдады" деп шектелип 22 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Улукбек кармалды. Анын буга чейин да ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан