Кечээ, 30-мартта саат
09:00 чамасында Ысык-Ата районунда кичи автобус менен тепловоз кагылышып,
кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болду. Жол кырсыгы Люксембург айылында
катталган.
Анда Мерседес-Бенц кичи автобусунун 44 жаштагы айдоочусу Көк-Жар
айылына айдап бара жатып тепловоз менен сүзүшүп кеткен. Кырсыктан кийин Кант
шаардык ооруканасына 27 адам жеткирилген. Алардын 10у жаш бала экени аныкталды.
Кичи автобустун айдоочусу оор жаракат алып, бейтапканада көз жумду. Азыркы тапта
7 адам ооруканада жатат. Калганы дарыгерлердин жардамын алып, үйлөрүнө
чыгарылган. Жол кырсыгынын себептери такталууда. Бул тууралуу 31-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.