Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн Баңгизатын
мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан аталган райондун Жаңы-Жер аймагында Өзбекстандын жараны, 53 жаштагы
Рузали Мирзарахимов менен Кадамжай шаарчасынын
Северная көчөсүнүн 42 жаштагы жашоочусу
Ярданжон Юлдашев кармалган.
Алар Өзбекстан Республикасынын
аймагынан бажы постторун буйтап, аткезчилик жол менен 170 килограмм туз кислотасы жана күкүрт кислотасын сатуу максатында алып чыккан жеринен колго түшүрүлгөн.
Жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоо жайына
киргизилген. Бул тууралуу 31-мартта Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.