Жаза аткаруу кызматынын айрым кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Жаза аткаруу кызматынын айрым кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 2012-жылдын башында Жаза аткаруу кызматы менен “Н.С.” ЖЧКсынын ортосунда келишим түзүлгөн. Анда аталган ЖЧК жалпы баасы 2 миллион 830 миң сомдук 20 миң килограмм май, 5 миң килограмм күрүч жеткирүүгө милдеттендирилген. Бирок белгиленген мөөнөткө чейин жалпы баасы 2 миллион 333 миң сомдук буйрутмалар аткарылган.

Ошондой эле Жаза аткаруу мекемесинин кызмат адамдары негизсиз “Н.С.” ЖЧКсынын эсебине 141 500 сом акча каражатын которушкан.   

Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан