Бүгүн Чүй облусунун бир катар аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү

Бүгүн, 31-мартта Чүй облусунун бир катар аймактарында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9:00дөн баштап 17:00гө чейин Садовое, Мыкан, Ленин айылындагы Чыгыш, Коммунар көчөлөрүндө, Чыгыш айылындагы Щорс, Энгельс, Карл Маркс, Ленин, Мир, Молодёжный, Совет көчөлөрүндө, Кара-Балта шаарындагы Кожомбердиев, Кыргызстан көчөлөрүндө жана Ысык-Ата районундагы Киров айылынын Түштүк, Зелёный көчөлөрүндө, жогорку вольттогу ГЭС-3, ГЭС-4 тараган 35/10 кВ аба чубалгыларында, «Карагачёвая», «МИС», «Степное» көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан