Жалал-Абад шаары боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын айрым кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мекеменин кызмат адамдары сот жообуна тартылган С.И. жана С.А. аттуу жарандарды абактан чыгарып коюшкан. Алардын бири шарттуу соттоонун эрежелерин бузса, бири ал убакыт аралыгында дагы бир кылмыш жасаган.
Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.