Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 30-мартта Бишкек-Ош жолунун 150-чакырымында катталган. Анда Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен 3 адам жабыркап, куткаруучулар тарабынан ооруканага жеткирилген.