ЖКда акыйкатчылык кызматка ат салышып жаткан экс-министр Марат Кайыповдун талапкерлиги колдоо тапкан жок

Депутаттар КРнын Акыйкатчысы кызматына Марат Кайыповдун талапкерлигин колдогон жок. Депутат Эркин Алымбековдун айтымында, Марат Кайыпов ЖКнын комитет жыйынына келбей койду. "Тоготпой койбой, комитет жыйынына келиши керек болчу. Акыйкатчылык кызматка талапкер Турсунбай Бакир уулу да келген жок, бирок ал ден соолугуна байланыштуу келбеди. Марат Кайыповдун эмне себептен келбей койгону белгисиз, ошондуктан анын талапкерлигин карабайбыз",- деди депутат. Ал эми аталган кызматка ат салышып жаткан Бакыт Рысбеков акыйкатчылык шайлоо саясатташып кеткенин айтып, өз талапкерлигин алып салды. Ошентип, 16 талапкердин ичинен 14ү калды. Айта кетсек, бүгүн, 25-декабрда ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинде акыйкатчылыкка талапкерлер боюнча маселе каралды. Эскерте кетсек, Марат Кайыпов 2005-2008-жылдары КРнын Адилет министри болуп иштеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан