Жайыл районунда унаа уурдоо фактысына шектүү жаран кармалды

Жайыл районунда унаа уурдоо фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 28-март күнү Жайыл райондук милиция кызматкерлерине 38 жаштагы тургун кайрылган. Анда белгисиз адамдар Мазда үлгүсүндөгү унаасын токтоп турган жеринен уурдап кетишкенин айткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип Ак-Суу айылынын 26 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан