21-27-мартта Таиландда өткөн «Mister Global International'-2014» Эл аралык сынагында кыргызстандык 19 жаштагы Улан Өмүрбеков "Мыкты талант" наамына ээ болду. Бул тууралуу аталган сынактын расмий сайты кечээ, 30-мартта жарыялады.
Сынакка катышкан мырзалар fashion show, ич кийимдер сынагы, смокинг кийими жана таланты боюнча таймашышкан. Жыйынтыгында "Mister Global-2014" наамын мьянмалык Myят Лвин аттуу жигит утса, 1-орунду канадалык, 2-орунду кореялык, 3-орунду вьетнамдык, 4-орунду филиппиндик жигиттер багындырышкан. Ал эми Кыргызстандын атынан катышкан Улан Өмүрбеков "Мыкты талант" наамына татыды.
Улан Өмүрбеков тууралуу айта кетсек, ал Кыргызстандагы мырзалар арасындагы сынактарга катышып келген жана "Нарын мырзасы" наамынын ээси болуп саналат.