Кыргызстанда адвокаттардын кардарларынын 30 пайызы юридикалык тейлөөгө канааттанган жок

Кыргызстанда адвокаттардын кардарларынын 30 пайызы юридикалык тейлөөгө канааттанган жок. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта маалымат жыйынында "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова билдирди. 
Анын айтымында, 2011-жылдын ноябрь айынан 2014-жылдын мартына чейин, 2,5 жылдын ичинде "Мыйзам астындагы теңдик" аттуу долбоор иш алып барып, анын натыйжасында 12 044 адам акысыз юридикалык жардам алды.
"Долбоордун жүрүшүндө бир таң каларлык нерсени байкадым. Кыргызстанда адвокаттардын кардарларынын 30 пайызы юридикалык тейлөөгө канааттанбай, адвокаттарга ишеничин жоготуп барат. Бул юридикалык ишмерлердин сапатсыз ишмердүүлүгүнүн белгиси",- деди Жакупова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан