Бишкектеги соода борборлорунун биринде 4-6-апрелде пластилинден жасалган Гольденбург шаарынын көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, көргөзмөнүн автору - Николай Тарасенко. Анын жараткан эмгеги 2 чарчы метрди түзөт. Анда архитектуранын бардык стилин камтыган 17 миң имарат жана 10 миллион деталдар бар. Көргөзмөнүн 2 сантиметр жеринен эле 3 кабаттуу Лука ыйык сарайын, андагы скульптураларына чейин көрүүгө болот.
“Бул көргөзмөнүн башкы максаты - бактылуу күн кечирген, ийгилик ыроологон, зордук-зомбулук, кастык жок шаарды көрсөтүп берүү. Жасалган шаар макет эмес, ал менин кыялым. Гольденбургдун ар бир курулушу менин жашоомдогу негизги окуялар жана жакын адамдарым. Архитектура аркылуу мага кымбат адамдардын мүнөзүн жана кыялын ачып берүүгө аракет кылдым”,- дейт Николай Тарасенко.
Көргөзмө саат 10:00дөн 22:00гө чейин иштейт. Кирүү акысыз.