"Кумтөр" мамлекетке 13 миллиард сом салык төлөшү керек". Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев маалымат берди. Анын айтымында, "Кумтөр" учурда мамлекетке 8 миллиард сом салык төлөйт. "Биз "Кумтөрдөн" бардык мыйзамдарды сактоону талап кылабыз. Эгер алар Салык кодексине ылайык салыктарды төлөп, бардык талаптарды аткарса, анда учурдагы абал өзгөрөт",- деди Темир Сариев.