Ооганстанда Нооруз майрамынын дари тилиндеги гимни кабыл алынды

Ооганстанда 11 мамлекеттин жетекчилери катышкан майрамда Нооруздун дари тилиндеги жаңы жазылган гимни кабыл алынды. Мындай маалыматты Кабул шаарында Нооруз майрамына карата өткөрүлгөн салтанатка Кыргызстандын атынан катышып келген өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов 29-мартта билдирди.

«Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө куран окуу менен ачылып, андан соң анын дари тилинде жазылган жаңы гимни жаңырды. Ар бир өлкөнүн маданият кызматкерлери өз өлкөлөрүнүн улуттук кийимдери менен барып, ырдап-бийлеп чыгармачылыктарын тартуулашты жана сүмөлөк баш болгон улуттук тамак-аштарынын түрлөрүн атайын уюштурулган көргөзмөгө коюшту»,- деп билдирет К.Боронов өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан