КРнын Социалдык өнүгүү министринин милдетин аткаруучу
Кудайберген Базарбаев "Апрель Баатырлары" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу 31-мартта аталган мекемеден маалымдашты. Жолугушууда министрдин милдетин аткаруучу
"Апрель окуясын балдарыбызга, неберелерибизге тарых үчүн айтып беришибиз керек. Мектептерге сабактарды да өтүп берсеңиздер жакшы болмок" деп билдирди.
"Октябрь революциясы" жөнүндө айтып жатып:
"Башында жөн эле Октябрь революциясы деп келишкен. 20 жыл өткөндөн кийин "Улуу Октябрь революциясы" деп аталып калды. Ошондуктан биз дагы Апрель окуясын унутта калтырбай, кийинки муундарга жеткиликтүү кылып түшүндүрүшүбүз абзел",- деди Базарбаев. Министр катышуучуларга борбордогу соода дүкөнүнүн колдоосу менен даярдалган азык-түлүктөрдү берип, айымдарга да өзүнчө белек тапшырды.