ЖКнын төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекованын демилгеси менен ийне жалбырактуу туя көчөттөрүн отургузуу иш-чарасы Баткен облусунун Кыргыз-Кыштак, Алга, Халмион айыл аймактарында болду. Ага шаар тургундары катышышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.