Бишкек шаарында кичи автобус менен Фольксваген Гольф унаасы кагышып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 31-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 29-март күнү баш калаанын Анкара көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Анда кичи автобус менен жеңил унаа кагышып, анын кесепетинен кичи автобус оодарылып кетип, айдоочусу жараат алган.
Учурда материалдар топтолуп, Бишкек ШИИББинин Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.