28-мартта Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Ала-Тоо" Лигасынын алкагында "Кыргызстан - туризмдин борбору" деген темада
Бишкек шаарынын мэринин Кубогу үчүн шайырлар жана тапкычтар командалары ат салышты. Анда Кыргызстандан, Казакстандан жана Тажикстандан келген 14 команда оюн көрсөтүштү. Ал эми конок катары чакырылган «Азия MIX» жана «Камызяки» командалары көрүүчүлөргө курч тамашаларынан тартуулашты. Таймашты
Александр Масляков (кичүүсү) алып барды.
Оюндун жыйынтыгында Казакстандын Алматы шаарынан келген "Эксклюзив" командасы Кубокту илип кетти. Аларга сыйлыкты шаар башчысы Кубанычбек Кулматов өз колу менен тапшырды.