Камила Дүйшөбаеванын уюлдук телефонун “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкери таап алды

Камила Дүйшөбаеванын уюлдук телефону “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкеринен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Тазалык” ишканасынын кызматкери 19-март күнү ипподромдун жанынан Камиланын уюлдук телефонун көчө шыпырып жатып таап алган. Учурда чалуулар текшерилип жатат.

Эске салсак, Камила 10-мартта Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн курбуларына жолугуу үчүн Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилиши тарапка жөнөп кеткен боюнча дайынсыз болгон. Курбулары чалганда аз убакыттын ичинде жолугушуу белгиленген жерге жетип барарын айткан. Бирок белгиленген жерге жеткен эмес. 6 күндөн кийин анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөдөн алыс эмес жерден табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ayday2
2014-03-31 14:18:36
Кыргыз патриот, кыргыз Манасты жараткан деп төш каккылаганды жакшы көрөбүз.Анан карасаң эле энесиндей карт адамды зордуктаган , карындашын өлтүргөн,баса каып тырпыратып сабаган кыргыз болуп чыгат.Камилочка, элесиңди көрүп, көзүмөн жаш эмес кан чыгып кеткидей акыбалда калдым.
+6
Almabek
2014-03-31 14:35:06
Табыш керек, керек болсо таш баран кылыш керек. Бирок ким билет, балким куноосуз бироонун мойнуна илип коюшаар, бирок кудай ошол канкордун жазасын укум-тукумуна чейин берсин ылайым.
+1
bek-93
2014-03-31 17:20:02
Укум тукумунда не куноо, ошол адам озу эле туболук тозок отунда калсын ошол жетет.Аллахым озу берсин жазасын..
+4
nur.ai
2014-03-31 19:39:49
Almabek укум тукумунда эмне куноо,жазат десе жаза бересинби...!
-2
mir89kg
2014-04-01 23:14:38
nur.ai, Алмазбекта ачууну устунон жазып койду, туура тушунгуло аныда ((((
0
vrach
2014-03-31 22:09:28
ар ким озу кылган ишине жооп бериш керек! укум тукумду эмне кыласын?
0
Tomas31107788
2014-03-31 22:21:34
жаткан жери жайлуу болсун!
0
aiba_00
2014-04-01 08:54:24
Кинодогудай болуп бир жерде отурат да жанылыктардан угуп интернетен карап дагы ары жагы эмне болот деп, кандай болгон кундо да ата энесине жаман болду жаркыраган сулуу кызынын элесин кантип унутат.
+1
artur007
2014-04-01 13:00:45
астагфироллох
0
kyrs
2014-04-01 22:22:37
Ккочо шыпыргыч озу алып келип берди бекен же ошол адамдан таап алыштыбы изилдеп атышып? Анан да ошончодон бери кочо шыпыргыч неге унчукпай журду телефонду очуруп алып телефонду оз сим картасы менен иштетип чалган адамдарга жооп беип телефонду оз убагында бергенде изин суутпай кармаганга да женилиреек болор беле.
0
turgunbaeva
2014-04-03 02:50:50
Кудаай озун сактай кор ар бир инсанды.жаткан жерин жайлуу болсун.издеп атабыз дешет бирок эч нерсеси жокго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан