Чүй ОИИББи: Спортчу Руслан Абасовдун өлүмүн иликтөө үчүн мыкты кызматкерлерден турган топ түзүлдү

Спортчу Руслан Абасовдун өлүмүн иликтөө үчүн мыкты кызматкерлерден турган топ түзүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, иликтөө иштерине ИИМдин, Бишкек ШИИББинин жана Токмок РИИБинин мыкты кызматкерлери тартылды. Бүгүнкү күндөн тартып туугандары, достору суракка алына баштады.  

Эске салсак, 27-мартта спортчу жубайы экөө унаада Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда бурулуш жерден жардыруу болгон. Жардыруудан жаракат алган кикбоксчу Руслан Абасов ооруканага жетип каза болгон. Ал эми келинчегинин абалы канааттандырарлык деп белгиленген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
djentilmen
2014-03-31 13:52:41
ошол тузулгон кызматкерлер деле жыргатпайт конце резултат коргосо албайт
+1
only_progress
2014-03-31 19:31:05
Мыкты кызматкерлерди коро жатарбыз. Убакыт коргозот. Азырынча бир нерсе дегенге эрте. Мамлекет ушул иштин ким бетин ачса наам берилет,акчалай сыймык берилет десе балким парага азгырылбай чындыктын бетин ачышар беле?...
0
TIMi4
2014-03-31 19:46:51
kam4y kolbaev deitko owon mn na4ar bol4u deit ortosun da birdeler bar bol4u deit! anan kim bilet any dana aitalbaim
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан