Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылындагы митингчилердин айрымдарын Бишкек шаарындагы эмгек биржаларынан жалдап барышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 30-мартта Кызыл-Сууда болгон митингге 160тай адам катышкан. Алар 2013-жылы Караколдогу баш аламандыктан кийин кармалгандарды бошотуу, “Кумтөрдөгү” экологиялык маселелерди чечүү талабын коюшкан. Митингге катышкандардын 40тайы Бишкек шаарынан барышканы аныкталган. Айрымдарынын айтымында, аларды борбор шаардагы эмгек биржаларынан жалдап барышкан.