“Айтыш фильм” киностудиясына ата мекендик фильмдердин жана тарыхый “Курманжан датка” тасмасынын өңүн сапаттуу коррекциялай ала турган жабдык алынып келинди. Бул жабдык "Blackmagic Desing" компаниясынан чыккан, Da Vinci Rekolve программасы менен иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта "Айтыш фильм" киностудиясынын басма сөз катчысы Чолпон Идирисова кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган техника көп функционалдуулугу жана оңой колдонулушу менен өз тармагында 1-орунда турат. Дүйнөлүк стандартка жооп берип, универсалдуулугу, жогорку ылдамдыгы жана сапаты менен өзгөчөлөнөт. Бүгүнкү күндө аталган жабдык Орто Азиянын киноиндустриясында жападан жалгыз.
“Аталган жабдыкты видеомонтаждын бардык түрүндө колдонсо болот. Бирок ал далай убакытты жана көп эмгекти талап кылган иш. Заманбап жабдык бийик сапаттагы сүрөттү көрсөтө алат жана аны иш учурунда колдонсо эффективдүү. Бүгүнкү күндө дүйнө кинолорунун колористтери мына ушул профессионалдуу өңдү коррекциялоочу системди тандашат”,- деп кошумчалайт өңдү коррекциялоо студиясынын кеңешчиси Мурат Алиев.