Жол эрежесин бузгандыгы үчүн Гелендваген үлгүсүндөгү 7 унаа айып жайга токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 31-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, 29-март күнү МАИ кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Түштүк магистралда үйлөнүү тоюндагы кортеждин унаалары көчөдөн өтүүгө тоскоолдук жаратып жатканы айтылган. МАИ кызматкерлери ал жерге барышып, жүрүштөгү 7 унааны айып жайга алып келишкен.