Жогорку Кеңешти 2016-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын алкагында комплекс-долбоорунун ачылуу аземи болду

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңешти 2016-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын алкагында курулган комплекс-долбоорунун ачылуу аземи болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Комплекс курамында Илимий-изилдөө борбору, парламенттин китепканасы, окуу залы, парламенттик архив, акредиттелген парламенттик кабарчылар үчүн маалымат жыйындары өткөрүлө турган конференция залы камтылган. Долбоор өлкөнүн мыйзам чыгаруу органынын иши тууралуу калктын кабардар болуу сапатын жакшыртууга багытталган.

Комплекстин ачылуу аземинде ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков бийликтин жаңы тутумун калыптандыруу жүрүшүндө мыйзам чыгаруу органы жаңы нукта түзүлүп жатканын баса белгиледи. 

"Жогорку Кеңеш заман талаптарын эске алуу менен ошого жараша чечимдерди кабыл алышы керек" деп кыргыз парламенти өз ишин уюштурууда өлкөнүн башка органдарына үлгү болууга тийиш экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңешти өнүктүрүү стратегиясына «Электрондук документ жүгүртүү», «Мыйзам долбоорлорун эксперттөө кызматы», «Мыйзам долбоорлорунун тексттеринин түп нускасын сактоо кызматы», «Видеоконференция», «Электрондук китепкана жана парламент архиви», «Электрондук турникет» сындуу бир катар долбоорлор камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан