Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы 31-марттагы кезексиз жыйынында жаңы коалициянын курамына кирбей тургандыгы боюнча расмий чечим кабыл алды. Мындай билдирүү ЖКдагы көпчүлүк коалицияга кирүү боюнча КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун катына расмий жооп катары жасалганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүлөр башталганда “Республика” фракциясы азыркы социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен көпчүлүк коалицияга кирүү боюнча өзүнүн талабын ачык айтып, коалициялык өкмөткө кесипкөй жана билимдүү адамдар келиши үчүн өкмөттүн курамын, анын ичинде өкмөт башчысын жумшак рейтинг аркылуу тандоо талабын койгон. Бирок Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны түзүү мандатын алган фракция бул талапты четке какты.
"Буга байланыштуу “Республика” фракциясы көпчүлүк коалициянын курамына кирбей, парламенттик оппозицияда калуу чечимин кабыл алды",- деп айтылат билдирүүдө.