Сузак районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Сузак районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын 3-март күнү саат 17:30 чамасында  Сузак районунун Арал айылынын башталышындагы дамбадан кызыл түстөгү ДЭУ Тико үлгүсүндөгү өрттөлгөн унаанын ичинен белгисиз  адамдын жансыз денеси толугу менен күйгөн абалда табылган. Кароо жүргүзгөн учурда аталган унаанын ээси Кочкор-Ата шаарчасынын тургуну, 1985-жылы туулган Абишов Күмүшбек экендиги аныкталган. Бул факты  боюнча Сузак РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Бул оор кылмыштын бетин ачууда Жалал-Абад ОИИБинин жана Сузак РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринен атайын топ түзүлүп, кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар 1984-жылы туулган М.Бултуров, 1996-жылы туулган Азимжан уулу Д., 1990-жылы туулган А.Исмаилов болгон. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
koshmatov
2014-03-31 15:53:16
жаш эле туруп адам олтуруп жатышса кийин эмне болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан