Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, 31-мартта автоунаа номурларын жана "ОП" деген белгиси бар техникалык паспорт берүү маселесин жабык эшик артында кароодо. Маселени жабык форматта кароону комитет төрагасы Алмазбек Баатырбеков билдирип, бул тийиштүү органдын өтүнүчү экенин айтты. Сунушту башка депутаттар да колдошту.