7 жылдан бери издөөдө жүргөн кылмышкер кармалды

7 жылдан бери издөөдө жүргөн кылмышкер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, 2005-жылы Төрөбек Жолдошев аттуу жаран дары-дармек сатуучу ишкана ачкан. Ал Талас шаарындагы ишкерлердин биринин ишенимине кирип, андан 6,5 миллион сом алып качып кеткен. Көп убакыт өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, эч жакка чыкпоо өтүнүчү менен бошотулган. Бирок ал ошол күндөн бери тергөөдөн качып, жашырынып жүргөн.

Ушундай эле алдоо фактысына Бишкек шаарынын тургуну Бронислава да кабылган. Жабырлануучу Төрөбек Жолдошев менен бирге ишкердик жүргүзмөк болушуп, жашаган батирин банкка күрөөгө коюп акча алып берген. Кылмышка шектүү акчаны алгандан кийин дайынсыз болуп кеткен. Учурда аталган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
koshmatov
2014-03-31 15:55:48
мындай адамдардын жазасын АЛЛАхым берсин
0
kolya121212
2014-03-31 18:07:29
Аферист немего. Элдер кызык. Жакшы тааныбай туруп ушунча чон акчаны буга карматкан.
0
peri...97
2014-03-31 19:57:30
Тооба 7 жыл легенде аран кармаштыбы
0
Beko87
2014-03-31 20:54:05
Тан каламда.эч жака чыкпоо отунчу мене чыканына.
0
KgAs91
2014-03-31 22:49:55
Дагы бир эки жыл койотуруп кармасанар болмок екен!!!
+2
sumka
2014-04-01 01:52:13
KgAs91, anda akyrky bolup jatkan kylmyshtyn betterin a4uu u4un dagy 7 jyl kerektewet go((((
0
Supataev.Salamat
2014-04-01 09:25:27
Эми бука эми ачылбай жаткан кылмыштын барын илетта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан