Бүгүн, 31-мартта 7-Апрель окуясы боюнча өткөн соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу качкын президент Курманбек Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратууну соттон сурады. Башкы прокуратуранын өкүлү Рыскул Бактыбаев 7-Апрель окуясын эскерип, 77 адам каза таап, 306 адам жаракат алганын билдирди. Айтымында, соттук териштирүүдө К.Бакиевдин күнөөсү толугу менен далилденди.