Замир Мырза өз тагдырын чыгармасында чагылдырды

“Бир тууганым, эрмегим,

Жанымда болгун.

Ооматым болгун,

Бакытым болгун,

Апакемдин табериги, карындашым өзү...”

Замир Мырза дал ушундай саптардан турган “Ага-карындаш” деген ырына клип тарттырып, музыка сүйүүчүлөрүнө тартуулап отурат.

“Клиптин режиссёру - Эрнист Сыдыков. Ал эми чыгарманын сөзү, обону өзүмө таандык. Өз тагдырымдан алынган десем да болот. Анда бир туугандардын, ага менен карындаштын бактылуу балалыгы, апасынан айрылган кездери сүрөттөлөт. Клиптеги кичинекей кыз менен баланын ролун жакын туугандарбыздын балдары ойношту. Ал эми карындашымдын чоңойгон кезин Айжамал Кабылова, апамдын ролун Ош драма театрынын актрисасы Нургүл аткарды. 

Клипти 2013-жылдын октябрь айында эле тартып баштаганбыз. Орто жерден режиссёрдун жумушу чыгып, Айжамал үй-бүлөлүк шартына байланыштуу Москвага кетип, артка жылып кеткен эле. Минтип март айынын аягында бүтүрүп, элге тартуулап отурабыз. Клиптеги чоңойгон кезибиз Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынан, бала чагыбыз Ош шаарынан тартылды",- дейт Замир Мырза жаңы чыгармасы тууралуу. 

   

Ага-карындаш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
gulmira.mukumbaeva
2014-03-31 18:30:26
класс Айжамал эже вы очень очень красивая,прям нет слов!!
0
fea1990
2014-03-31 18:54:41
узбектерди туурап койупсуздар
+1
nurando
2014-03-31 20:43:37
fea1990, туураго
0
mika5901
2014-03-31 22:50:55
мен да агамды аябай сагындым аябай сыйлайм урматтай менин жашоомдо атакемдин ордун толуктаган жалгыз адамым. ырдын мааниси аябай жакты. ишинерге чыгармачылык ийгилик!
0
bokonbaev
2014-04-01 22:36:22
Zamir myrzanyn apasy bul duynodon otup ketken. ozunun jeke komcertine bargam atayi Bishkekte.men da koshulup iylagam Zamir myrza mn...apalaribiz bar bolsun ar dayim..
0
kyrgyzman82
2014-04-02 00:13:07
рабство деген кинону корунуздор ага карындаш жонундо
0
Aitowka2013
2014-04-04 13:13:51
клиптин акырына келгенде озумчо эле ыйлап жибердим тобо эч ким ата энесинен ажырабасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан