Алматыда кыргызстандык балдарга жаңы жылдык балаты уюштурулду

Алматы шаарындагы Кыргызстандын генералдык өкүлчүлүгү 130 кыргызстандык социалдык абалы начар балдарга жаңы жылдык балаты кечесин өткөрдү. Аталган майрамды уюштурууга өкүлчүлүккө Казакстанда иштеген кыргыз ишкерлери колдоо көрсөткөн. Бул тууралуу Алматыдагы консул С.Убукеева билдирди. Анын айтымында, жаңы жылдык балаты кечесине Алматы шаарынан 100 бала, Алматы облусунун Енбекшиказах районунан 30 бала катышты. Эмгек мигранттарынын балдары алгачкы жолу мындай иш-чарага катышып жатышат. Кечеде балдарга белектер берилди. “Казакстандагы эмгек мигранттары материалдык гана эмес, психологиялык кыйынчылыкка да тушугушат. Эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүндө психологиялык колдоо болсун дейбиз”,- деди консул. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан