2-апрелде саат 11:00дө Бишкектеги Ольга Мануйлованын мемориалдык үй-музейинде акын жана комузчу Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган көргөзмө өтөт.
Көрүүчүлөр “Отурган фигура эстелигин” жана улуу комузчунун кызы Гүлсарынын портретин көрө алышат.
Мындан тышкары көргөзмөдө КРнын Эл сүрөтчүсү Аркадий Осташовдун “Токтогул Сатылганов сүргүндө” темасындагы графикалык эмгеги, Сатылгановдун үй-бүлөсүнүн архивиндеги сүрөттөр коюлат.
Экспозициянын ачылышына акындын туугандары келип, ал тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшөт, андан соң чакан концерт болот.